Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:03

Орусия менен Кытай АКШнын жаңы стратегиясын кескин сындашты


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Орусия менен Кытай АКШнын президенти Доналд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясын кескин сынга алышты. 18-декабрда жарыяланган стратегияда бул эки өлкө АКШнын кызыкчылыгы менен кудуретине чакырык таштаган "атаандаш державалар" катары көрсөтүлгөн.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттардын жаңы стратегиясы "империалисттик мүнөздө" экенин айтып, АКШ Орусияны өз коопсуздугуна коркунуч катары көргөнүн Москва кабыл албай турганын белгиледи.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Вашингтонду "Кансыз согуштун кулк-мүнөзүн" артка таштоого чакырып, Бээжин глобалдык өнүгүүгө салым кошуп жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча стратегия - Кошмо Штаттарда Рональд Рейгандын тушунан бери ар президент адатта ар бир төрт жыл сайын иштеп чыгып келе жаткан расмий документ.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG