Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Путин шайлоо өнөктүгүн баштады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орус лидери Владимир Путин президенттик шайлоо өнөктүгүн баштап, Орусиядагы "эркиндик" менен "туруктуулукту" коргоого убада берди. 19-декабрда "Бүткүл орусиялык элдик фронт" кыймылынын Москвадагы форумунда ал мамлекет сырткы таасирлердин жана оппозициянын саясатты кескин өзгөртүү аракеттеринин алдын алышы керек экендигин айтты.

"Советтер Союзу ыдырагандан бери биз толтура таттуу сөздөрдү уктук. Бирок чындыгында эч ким бизге жардам берген жок", - деди Путин.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленип, шайлоо өнөктүгү 18-декабрда расмий башталган. Путин 14-декабрдагы маалымат жыйынында бул шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышаарын айткан.

Оппозициячыл активист Алексей Навальный жана тележурналист Ксения Собчак да талапкерлигин көрсөтүшкөн. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын соттуулугун жүйө кылып, анын шайлоого катыша албай тургандыгын кабарлаган.

Оппозициячыл активисттин тарапкерлери 24-декабрда Орусиянын 20 шаарында жүрүш өткөрүүнү пландап жатышат.

XS
SM
MD
LG