Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Кремл: Кадыровго каршы санкция мыйзамсыз


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Кремл Рамзан Кадыровго карата АКШнын санкциясын четке кагып, ага каршы окшош жооп кайтарылышы мүмкүн экенин билдирди.

- Биз бул санкциялар мыйзамсыз, достукка жатпаган деп эсептейбиз жана анын киргизилишине макул эмеспиз, - деди 21-декабрда Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Бир күн мурда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго каршы каржылык санкцияны Магнитски мыйзамына ылайык киргизген. Аны менен кошо дагы төрт орусиялык жаран санкциялык тизмеге кошулду.

- Биз Магнитски мыйзамын Орусияда адам укуктарын одоно бузгандарга, анын ичинде адамды сотсуз өлтүргөндөргө, кыйнагандарга, жек көрүүгө татыктуу башка аракеттерге баргандарга каршы агрессивдүү чара көрүш үчүн пайдаланууну улантабыз, - деди Каржы министрлигинин санкциялар башкармалыгын жетектеген Жон Смит.

Чеченстанда ондогон кумсаларды полиция кармап, кыйноого алып, кемсинткенин быйыл жыл башында “Новая газета” жазып чыккан эле. Кийин “Хьюман Райтс Уочт” уюму кумсаларга каршы өнөктүк чечен бийлигинин көрсөтмөсү менен жүргүзүлгөнүн билдирген. Кадыров буга тиешеси бар экенин четке каккан.

XS
SM
MD
LG