Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Мельбурн чабуулунун теракт экени тактала элек


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Мельбурн полициясы бүгүн автоунаасы менен элди сүздүрүү боюнча кармалган адам ооган тектүү Австралия жараны экенин тактады.

"Азыр бул иштин терроризмге байланышын көрсөткөн кандайдыр далилдерибиз же маалыматтарыбыз жок", - деди Виктория штатынын комиссары Шейн Паттон.

32 жаштагы шектүү жаран камакка алынды. Ал буга чейин баңгизат колдонгону жана психикалык саламаттыгы мандемдүү экени, жол эрежесин бузганы жана майда-чүйдө кылмыштары менен полицияга белгилүү экенин Паттон билдирди.

Бул тапта чабуулдан жабыркагандар 19га жетти, алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Шектүү менен кошо кармалган экинчи кишинин кылмышка тиешеси бар-жогу такталууда.

XS
SM
MD
LG