Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 20:38

"Samara.kg" чыры боюнча "Kloop.kg" кошумча маалыматтарды чыгарды


"Kloop.kg" 20-декабрда жарыялаган макала.

"Kloop.kg" сайтынын журналисттери "президенттик шайлоо учурундагы көз боёмочулуктар" деген негизде "Samara.kg" порталына байланыштуу кошумча маалыматтарды чыгарды.

Макалада журналисттер Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайтына көчүрүлгөнү боюнча дагы көбүрөөк далилдерди тапканын белгилешет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов жаңы чыккан макалада конкреттүү жана таасирдүү далил жок экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу биринчи иликтөөнү жарыялаган. Анда бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы кеп болгон. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы жазылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул макалада айтылгандар далилденген жок деп, "Kloop.kg" сайтынын үстүнөн УКМКга кайрылган. Андан соң макаланын автору Ринат Тухватшин атайын кызматка күбө катары суракка да чакырылган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы болуп шайланган эле.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG