Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.
Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "Фергана.ру" сайтындагы иликтөөдө банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мекемеге "БТА Банк" жабык типтеги акционердик коому кайрылган. Алар видеоиликтөөдө банктын жеке маалыматтары жарыяланганы айтылат.

Быйыл күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокуратура 18-декабрда маалымат таратып, Сапар Исаковго байланыштуу маалыматтар далилденбегенин билдирген. Бирок аукциондун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG