Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:03

Орто-Токой суу сактагычын кайтаруу Кыргызстанга январдан тартып өтөт


Ала-Бука району.

Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын кайтаруу Кыргызстанга январдан тартып өтөт. Бул тууралуу аталган райондун акими Сонунбек Акпаралиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, ушу тапта суу сактагычтын жанында Өзбекстандын 20 чакты милиция кызматкери бар. Алар кезектешип суу сактагычты кайтарып жатат:

- Күзөтчүлөр ай сайын алмашып турушат. Январь айынан баштап бул жакка өкмөт аралык комиссия келип, бул суу сактагычты мындан ары чогуу иштетүүнүн жобосун бекитет. Бардыгы бизге өтөт. Анда иштеген жумушчулар дагы биз тараптан болот. Өзбек тараптан оңдоо иштерине гана анча-мынча адамдар жардам бергени келип турушу мүмкүн. Суу сактагычты толугу менен биздин милиция кызматкерлерибиз кайтара баштайт.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген.

Быйыл 6-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы иш сапарында суу сактагыч боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, объектти кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өтөрү айтылган. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган. Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн​ макулдашууну Жогорку Кеңеш 21-декабрда үчүнчү окууда кабыл алган.

Депутат Жанар Акаев документке ​каршы чыгып, ал терең талданбай туруп, чийки бойдон кабыл алынды деп билдирип келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG