Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Секелекти зордуктоо аракетине шектүү жазадан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, Ноокат районунун Борбаш айылында секелекти зордуктоо аракети боюнча айыпталган кишинин иши 19-декабрда каралды. Анда Ош шаардык сотунун быйыл 3-ноябрдагы өкүмү жокко чыгарылып, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин биринчи бөлүгү менен (бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу менен коштолгон, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда) ​күнөөлүү деп табылды. 67-берененин негизинде жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотулду.

Жараянда күбөлөр шектүү жабырлануучуну "жөн гана тилдеп, кайра кирип кеткен, зордуктоого аракет жасаган эмес" деп билдиришкен.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери да чакыруу боюнча келген маалда жабырлануучунун денесинен жарааттарды көрбөгөнүн, зордуктоо аракети жөнүндө аларга секелек да, анын ата-энеси да айтпаганын маалымдашкан.

Ушул көрсөтмөлөрдүн негизинде соттук коллегия жогоркудай чечим кабыл алганы айтылды. Облустук сот бул чечим акыркы эмес жана нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу экенин маалымдады.

Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматова 2016-жылы июнда 11 жаштагы кызын 30 жаштагы коңшусу зордуктоого аракеттенгенин, шектүү Ноокат районунун мурунку акими Бекболот Айтиевдин бир тууган жээни болгондуктан акыйкаттыка жете албаганын, анын туугандары тынымсыз кодулагандыктан, төрт баласы менен Бишкекке жер которууга мажбур болгонун айтып келет. Окуяга шектелген адамдын жакындары болсо секелек зордуктоо аракетине кабылды дегенди четке кагып, күнөөнү жабыркаган тарапка оодарып жатышат.

Быйыл апрелде Ош шаардык соту "кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбады" деген жүйө менен шектүүнү актаган. Жабырлануучу тарап өкүмдүн үстүнөн Ош облустук сотуна кайрылган. 2-июнда облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Нурматова буга макул болбой Жогорку Сотко даттанган.

Жогорку Сот шектүүнү актоо тууралуу Ош шаардык жана облустук соттун чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Ош шаардык сотуна жиберген. Аны териштирүүнү башка соттук коллегияга тапшырган. (NT)

XS
SM
MD
LG