Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:37

Навальный талапкер болуу үчүн жетиштүү колдоо топтогонун айтты


Алексей Навальный Москвадагы жүрүштө, 24-декабрь.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн жетиштүү колдоо топтогонун билдирди. 24-декабрда анын тарапкерлери элдин кол тамгаларын чогултуу үчүн Орусиянын 20 шаарында жүрүштөрдү өткөрүштү.

Баш калаа Москвада Навальныйга 800дөй адам колдоо көрсөтүштү. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кайсы бир адам шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышам десе, аны 500 кишиден кем эмес мүчөсү бар демилгечи топ колдошу керек болчу. Москвадагы жүрүшкө Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү байкоо салып турушту.

Орусиянын башка шаарларында чогулгандар да Навальныйдын талапкерлигин көрсөтүү үчүн жетиштүү эл келгенин билдиришти.

Навальный шайлоого катышаарын бир канча ай мурда жарыялаганы менен Орусиянын Боршайкому активисттин соттуулугун жүйө кылып, анын шайлоого катыша албай тургандыгын кабарлаган.

Алексей Навальный жүрүштөр аяктагандан кийин жетиштүү добуш топтолгонун, талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди тапшыраарын Твиттерге жазды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG