Бүгүн, 25-декабрда Ысык-Көл облустук сотунун алдына Каракол медициналык коллежинин директору, маркум Анарбүбү Абсалиеванын жакындары нааразылык акциясына чыгышты.
Алар буга чейин шаардык сот туура эмес чечим чыгарганын айтып, облустук соттон акыйкаттыкты талап кылышууда. Учурда облсоттун төрагасы нааразы тарап менен жолугушууда.
15-ноябрда директордун өлүмү боюнча шектүү катары кармалган медколлеждин эсепчиси Раушан Муканбетованы Каракол шаардык соту “Киши өлтүрүү" беренеси боюнча актап, экономикалык кылмыш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал "медколлежге таандык 200 миң сомду өз кызыкчылыгына колдонгон" деген негизде алты жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүн 12 жаштагы баласы 14кө толгондо өтөйт.
Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын жетекчиси Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында 23 жолу денесине бычак жеп, өз үйүндө киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары ошол эле окуу жайдын эсепчиси Раушан Муканбетова кармалып, тергөөдө кылмышты моюнга алгандыгы кабарланган. Бул ишти облустук сот эртең, 26-декабрда карайт. (AsM)