Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Каракол: жетекчинин өлүмү, талаштуу өкүм


Иллюстрация
Иллюстрация

Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллеждин жетекчиси Анарбүбү Абсалиеванын өлүмүнө байланыштуу бир жылдан бери тергелип келаткан кылмыш иши боюнча Каракол шаардык сотунун өкүмү чыкты.

Кылмышка шектүү катары кармалган окуу жайдын башкы бухгалтери Раушан Муканбетова Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча акталды.

Ал эми экономикалык кылмыштар боюнча алты жылга эркинен ажыратылды. Жаза өтөө мөөнөтү кенже баласы 14 жашка чыккандан кийинкиге жылды. Мындай чечимге Абсалиеванын жакындары нааразы.

Далилдер жетишсиз...

Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллеждин жетекчиси Анарбүбү Абсалиеванын өлүмү боюнча соттолуучуга өкүм 15-ноябрда чыкты.

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

Сот чечимине ылайык, кылмышка айыпталып жаткан окуу жайдын башкы бухгалтери Раушан Муканбетова Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча күнөөсүз деп табылды. Бул тууралуу Каракол шаардык сотунун судьясы Уланбек Суранчиев мындай дейт:

- Муканбетова кылмышты кандай жасаганы жана көрсөтүп берген жагдайлары окуя болгон жерге дал келбейт. Кыргыз Республикасынын Жаза-процессуалдык кодексинин 82-беренесине ылайык иш боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө кылмыш окуясы, жасалган кылмыштын убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары жана жүйөлөрү далилденүүгө тийиш. Сот кылмыш ишинин окуясы жана орду далилденген жок деп эсептейт.

Ошол эле учурда Муканбетова экономикалык кылмыш боюнча айыптуу деп табылып, медициналык коллежге таандык 200 миң сомду өз пайдасына колдонгону аныкталып, буга байланыштуу алты жылга эркинен ажырытылды. Жаза мөөнөтүн азыр 12 жаштагы баласы 14 жашка чыкканда өтөй баштайт. Ошондой эле Муканбетовага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды.

Айыпталуучунун күйөөсү Нурлан Бейшеналиев сот акыйкат өкүм чыгарганын​ айтты:

- Аялым ак экенин башынан эле билгем. Тергөө туура эмес болгон деп соттон акыйкаттыкты күткөнбүз. Чындыгында сот акыйкат чечип берди, рахмат.

Нурлан аялын милиция органдары коркутуп, кылмышты моюнуна алдырып койгон деп, алардын үстүнөн арыз жазганын билдирди.

Муканбетованын жактоочусу Руслан Дараев болсо тергөө органдары бул ишти тыкыр иликтебестен сотко өткөргөн деп, сотто айыптоочу тараптын далилдери ырасталбаганын билдирди:

- "Айыпкер мойнуна алса, ошону текшергиле" деп мыйзамда жазылып турат. Ошол 81-берененин негизинде далилдегенден кийин ким аткарат? Прокурор аткарат, тергөө аткарат. Ал аткарылган жок, каралган жок. Мойнуна алдырып эле эптеп сотко жөнөтүп жатат.

"Соттун чечимине даттанабыз"

Ал эми маркум Анарбүбү Абсалиеванын жакындары Каракол шаардык сотунун чечимине нааразы. Маркумдун сиңдиси Айсулуу Муканбетова:

- Биз акыйкат чечим болот деп күткөнбүз. Бирок ал Кыргызстанда жок экен. Себеби кечээ судья Улан Суранчиевдин чечимин көрдүк. Бир жылдан бери ушул сот отурумун созуп келди. Айыпталуучу биринчи суракта толук мойнуна алганын жана видео көзөмөлүндө өзү кандай кылып сайып өлтүргөнүн көрсөтүп бергенин четке какты. "Далилдер жетишсиз" деп, 97-берене боюнча актап койду.

Бийлик ишенген сот реформасы

Бийлик ишенген сот реформасы

Кыргызстанда сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылууда.

Айсулуунун айтымында, сот айыпталуучунун баласы бар, ден соолугу начар өңдүү жагдайларды эске алды. "Ал эми эжемдин окуучу кызы томолой жетим калды. Бул сотто акча роль ойноду", - деди Айсулуу Муканбетова:

- "Мунун баласы бар" дешти. Анын атасы бар, энеси бар. Ал эми менин эжемдин кызы томолой жетим калды, ал мектеп окуучусу. Бул жерде коррупция, акча роль ойноду деп айта алам. Себеби акыркы үч-төрт отурумда булар аябай токтоо, тынч болуп, өздөрүнө ишенгендери байкала баштаган.

Маркумдун жакындары жакын арада облустук сотко, андан ары Жогорку Сотко даттанаарын жана президентке кайрылуу жолдошорун билдиришти.

Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллеждин жетекчиси Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында өз үйүндө киши колдуу болгон. Анын денесине 23 жолу бычак сайылган. Бул кылмышка шектүү деп ошол эле окуу жайдын бухгалтери Раушан Муканбетова кармалып, тергөөдө шектүү жаран кылмышты мойнуна алганы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG