Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 23:30

Парламент Орто-Токой суу сактагычы тууралуу макулдашууну талкуулайт


Ала-Бука району.

Быйыл 6-октябрда Ташкентте кол коюлган Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн үчүнчү окууда каралат.

Документке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы иш сапарында кол коюлган. Ага ылайык объектини кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өтөрү айтылган. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган.

Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн макулдашууну Жогорку Кеңеш 21-декабрда экинчи окууда кабыл алган. Депутат Жанар Акаев документке каршы чыгып, ал "терең талданбай туруп, чийки бойдон кабыл алынды" деп билдирип келет.

Ала-Бука районунун акиминин маалыматына караганда, Орто-Токой суу сактагычын кайтаруу Кыргызстанга толугу менен январдан тартып өтөт. Азыр аны Өзбекстандын милиция кызматкерлери кайтарууда.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG