Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Түркия: орус элчисинин өлүмү боюнча көргөзмө башчысы камалды


Орус элчисине ок атылган учур. 19-декабрь, 2016-жыл.
Орус элчисине ок атылган учур. 19-декабрь, 2016-жыл.

Орусиянын Анкарадагы мурдагы элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча бир жыл мурдагы фотокөргөзмөнүн уюштуруучусу Мустафа Тимур Озкан камакка алынды. Ал элчини көргөзмө учурунда атып өлтүрүүгө кол кабыш кылган деп шектелип жатканын Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттиги бейшембиде кабарлады.

Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр элчиге ок аткан 22 жаштагы полицей Мевлүт Алтынташтын телефонундагы бардык маалыматты текшерип чыгышкан.

Элчи Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы "Орусия: Калининграддан Камчаткага чейин саякатчынын көзү менен" аттуу фотокөргөзмөдө сүйлөп жатканда окко учкан. Элчини аткан Алтынташты полиция окуя болгон жерде атып өлтүргөн.

Түрк бийлиги бул кол салуу боюнча бир нече адамды кармаган. Алардын арасында кеминде үч полиция кызматкери бар.

XS
SM
MD
LG