Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Путин Сириядагы орус базасын кеңейтүүчү келишимди жактырды


Орус президенти Владимир Путин
Орус президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Сириянын Тартус портундагы орус базасын кеңейтүү боюнча келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Орусиядагы Укуктук маалымат боюнча расмий интернет-порталга 29-декабрда жарыяланды.

2017-жылдын январь айында Дамаскта кол коюлган келишимге ылайык, Орусиянын деңиз флоту Тартус портундагы техникалык колдоо жана логистика жаатында иш алып барган базасынын аянтын 24 гектарга чейин кеңейте алат. Ошондой эле бул макулдашуу Орусияга 11 аскердик кемесин 49 жыл бою каалаган учурда бул портто кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Тартус - Москванын Жер ортолук деңиздеги жалгыз аскер базасы. Соңку келишим орус күчтөрүнүн Тартустагы жана Хмеймим аба базасындагы ордун ого бетер бекемдейт деп күтүлүүдө.

Орусия Сириянын президенти Башар Асадды согуш башталган дээрлик жети жылдан бери ырааттуу колдоп келет. 2015-жылдын сентябрь айынан тарта Сирияда Асаддын күчтөрүнө көмөк көрсөтүү максатында аба соккуларды да жүргүзө баштаган.

12-декабрда орус президенти Путин Хмеймим базасына күтүүсүз барып, Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобу талкаланганын айтып, орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону буюрган.

XS
SM
MD
LG