Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 04:47

Пхеньян бүткүл АКШны бутага алуу колунан келерин эскертти


Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралы АКШнын жалпы аймагын бутага ала алат. Бул тууралуу бүгүн Жаңы жылдык куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып өлкөнүн лидери Ким Чен Ын билдирди. Ал ошондой эле “өзөктүк куралдын баскычы дайыма менин иш столумда турат” деп эскертти. “Бул коркутуу эмес, бул чындык”, - деди Ким Чен Ын.

Ошондой эле ал Түндүк Корея ядролук держава катары калыптануу процессин жыйынтыктаганын, бирок өзөктүк дараметин коркунуч жаралган учурда гана колдонорун кошумчалады.

Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилеге да токтолуп, Пхеньян менен Сеулдун ортосунда диалог үчүн “жол ачык” экенин айтты. Ал өлкөнүн курама командасын түштүктөгү коңшусунда быйыл февралда өтө турган Олимпиада оюндарына жөнөтүү мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдирди.

Жакында АКШ Түндүк Кореяга карата санцияларды кеңейткен. Андан соң БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын ноябрдын соңундагы баллистикалык ракеталарды сынаганына жооп катары жаңы санкцияларды киргизген. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG