Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Пхеньян Сеул менен байланыш каналын кайра ачты


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея эки жылдан кийин коңшусу Түштүк Корея менен демилитаризация аймагындагы жабык байланыш каналын кайра ачты. Расмий Пхеньян Пханмунджом айылындагы коммуникация каналын калыбына келтирүү боюнча чечимди Түштүк Корея Түндүк Кореяга жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылгандан кийин кабыл алды.

2-январда расмий Сеул Түндүк Кореянын февраль айында Түштүк Кореяда өтүүчү кышкы Олимпиадага катышуусу боюнча сүйлөшүүнү сунуш кылган. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсү кышкы Олимп оюндарына делегациясын жөнөтүүнү каалай турганын жаңы жылдык кайрылуусунда белгилеген.

Түштүк Кореянын президенттик администрациясынын басма сөз өкүлү чек арадагы байланыш каналынын кайра ачылганын "бардык учурда байланышта болуууга багытталган кадамдын жарчысы" катары мүнөздөдү. Вашингтон эгер Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөр Пхеньяндын өзөктүк курал боюнча дымагын ооздуктай албаса, анда андай сүйлөшүүлөргө олуттуу маани берилбестигин билдирди.

XS
SM
MD
LG