Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Европа лидерлери Иранды зомбулуктан алыс болууга чакырды


Француз президенти Эммануэл Макрон.
Француз президенти Эммануэл Макрон.

Европа лидерлери Ирандагы жыйырмадан ашык демонстранттын өмүрүн алган окуяларды айыптап, Тегеранды тынч митингчилерге өз нааразылыгын эркин билдирүүсүнө уруксат берүүгө үндөдү.

Француз президенти Эммануэл Макрон 2-январда Ирандын президенти Хасан Роуханиге телефон чалып, митингдерде адам өмүрү кыйылып жатканына тынчсыздануусун билдиргенин анын кеңсеси кабарлады.

Ирандын президенттик администрациясы билдиргендей, Роухани бул сүйлөшүүдө Макронду баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Мужахедин е-Халк" аттуу Ирандын оппозициялык тобуна чара көрүүгө чакырып, бул топту "демонстрацияларга шыкак берди" деп айыптады.

2-январда Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Федерика Могерини да Ирандагы демонстрациялар учурунда катталган жоготууларга өкүнгөнүн билдирип, Тегеранды зомбулуктан алыс болууга чакырды.

Ирандын бир нече шаарында 28-декабрда болгон демонстрацияларда полиция менен кагылыштан кеминде 22 адам каза тапты. 450дөн ашык киши камакка алынганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG