Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Түштүк Кореянын мурдагы президентине жаңы айып тагылды


 Пак Кын Хе.
Пак Кын Хе.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хеге жаңы айыптар тагылды.

Associated Press агенттигинин кабарлашынча, Пак айым өлкөнүн атайын кызматынын мурдагы үч жетекчисинен мыйзамсыз 3 млн доллар алган деп шектелүүдө. Экс-президент ал каражаттарды жеке муктаждыктарына жумшаган, анын ичинде курбусунун бизнесине жана жардамчыларына берген делет.

Акча берди делген атайын кызматтын мурдагы жетекчилеринин экөөнө мамлекет каражатын ыксыз сарптоо боюнча айып тагылганы да белгиленген маалыматта.

Пак Кын Хе 2017-жылы мартта импичмент аркылуу кызматынан кетирилип, камакка алынган. Ага чейин жемкорлукка айыпталып, эл жумалап нааразылык акцияларына чыккан болчу.

Экс-президент өзүн саясий репрессия курмандыгы деп эсептеп келет.

XS
SM
MD
LG