Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 09:15

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы кырдаалды талкуулайт


Ирандын Мешхед шаарындагы демонстрациялар. 4-январь, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул чакырылган жума күнкү жыйынында Ирандагы кырдаал талкууланат. Жыйын АКШнын демилгеси менен чакырылган.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтондун сунушун «пайдасыз жана бүлүк салуучу» деп сыпаттап, Ирандагы окуялар ал өлкөнүн «ички иши» экенин билдирди.

Буга чейин Ирандын бийлиги БУУнун баш катчысына жана Коопсуздук кеңешине "АКШ эл аралык укукту бузуп, башка өлкөнүн ишине кийлигишип жатканын" билдирип, Вашингтондун соңку аракетин айыптоону өтүнгөн.

Тегерандын кайрылуусунда "АКШнын президенти жана вице-президенти өздөрүнүн «акылсыз твиттери» менен ирандыктарды башаламандыкка тукуруп жатышат" деп айтылат.

Трамп Ирандын бийлигин «ырайымсыз жана коррупциялашкан» деп бир нече жолу сындаган. Мамлекеттик департамент Тегеранды "нааразылыкка чыккан демонстранттарга каршы күч колдонуп жатат" деп айыптаган.

Иранда массалык демонстрациялар башталганына бир жумадан ашты. Адегенде экономикалык маселелерди көтөргөн ураан-чакырыктар бара-бара саясий талаптарга өттү. Жыйырмадан ашуун кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн адамдар камакка алынды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG