Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Иран демонстрациялар үчүн АКШны, Израилди жана Сауд Арабиясын күнөөлөдү


Мохаммад Жавад Зариф.
Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "өлкөдөгү демонстрациялар тыштан колдоого алынып жатат" деп билдирди. Зариф 8-январдагы маалымат жыйынында "демонстрацияларды АКШнын, Израилдин, Сауд Арабиясынын чалгындоо кызматтары уюштурду" деген оюн айтты. Ал ошондой эле "бул аракеттердин аркасы жаман болот" деп эскертти.

Кошмо Штаттар Ирандын мындай кинесин четке какты. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда "агенттиктин элдик толкундоолорго тиешеси жок" деп жарыялаган.

АКШнын президенти Доналд Трамп болсо нааразылык акциясына чыккандардын аракетин кубаттап, Вашингтон аларга жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

Иранда 28-декабрда башталып, өткөн жуманын соңунда басаңдаган демонстрацияларда 22 киши мерт болуп, 1700дөйү камакка алынды.

XS
SM
MD
LG