Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

Баласын тепкен атага козголгон кылмыш иши жабылды


Сүрөт Интернетте 2-декабрда тараган видеодон алынды.
Сүрөт Интернетте 2-декабрда тараган видеодон алынды.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 10-январдагы чечими менен баласын ичке тепкени коомчулукка жарыяланып, катуу талкууга алынган кишиге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айыпталып жаткан жарандын жубайы баласын тепкени тартылган видеодон кийин күйөөсүнүн үстүнөн ачуу менен арыз жазганын, ал эки баланы багып келгенин айткан. Ал сотко "доом жок" деп тосмо арыз жазып берген. Аял жолдошун кечиргенин, мындан ары элдешип чогуу жашай турганын белгилеген.

Жогорку сот баланын акыбалы жакшы экенин, экспертиза анын денесинде эч кандай тактар жоктугун көрсөткөнүн кошумчалады.

Райондук соттун өкүмү 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып, жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон. Тасма коомдо кызуу талкуу жаратып, ал кишини жоопко тартуу тууралуу талаптар коюлган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган.

Анын Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бариер Адиев экени аныкталып, иштен бошотулган. (NT)

XS
SM
MD
LG