Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Анкара: Орусия менен Иран Идлибдеги аскерий чабуулдарды токтотушу керек


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу

Түркия Орусия менен Иранды Сириянын өкмөттүк армиясынын Идлиб провинциясына жасаган чабуулдарын токтотууну Дамасктан талап кылууга үндөдү.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу мамлекеттик "Анадолу" агенттигине берген маегинде Иран менен Орусия өткөн жылы бекитилген макулдашуу боюнча өзүнө алган милдеттемелерин аткарышы керектигине токтолду.

Анкара, Москва жана Тегеран түзгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык, Идлиб провинциясы «дэскалация зонасы» деп жарыяланган.

Түркиянын башкы дипломаты Сириянын өкмөттүк күчтөрү 8-январда Идлибде 14 кыштакты өз карамагына алганын кошумчалады. Ошондой эле Сириянын өкмөттүк күчтөрүн Орусиянын жана Ирандын согуштук учактары коштоп жүргөнүн баса белгиледи.

Министр 29-30-январда Сочиде пландалган Сирия боюнча "улуттук диалогдун конгрессинен" кийин Анкара дагы жыйын өткөрүүгө ниеттенип турганын билдирди.

Идлибде болжол менен үч миллионго чукул киши жашайт. Провинциянын калкы Сириянын башка аймактарындагы согуштук операциялардан кийин качкан жоочулар менен карапайым тургундардын эсебинен көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG