Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Трамп Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү кубаттады


АКШнын президенти Доналд Трамп.
АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШНЫН президенти Доналд Трамп бул тууралуу Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин менен шаршембиде телефондон сүйлөшкөндө айтты.

Ак үй билдиргендей, эки лидер Түндүк Корея өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүдөн баш тартып жаткандыктан, глобалдык коомчулуктун Пхеньянга “болушунча басым” көрсөтүшүнүн маанисине токтолушту.

Ошол эле учурдада “Трамп ыңгайлуу маалда жана ыңгайлуу шартта АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү идеясын колдой турганын” Вашингтон администрациясы билдирет.

9-январда Түндүк жана Туштүк Кореянын расмий делегациялары чек арада жолугуп, сүйлөшүү өткөрүшкөн. Анын натыйжасында Пхеньян өз спортчуларынын жоон тобун кийинки аптада Пхенчханда өтчү кышкы Олимпиадага жөнөтө турган болду.

Эки корей өлкөсүнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин Сеул эми жогорку деңгээлде саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн ишарат кылды. Бирок бул Пхеньяндын өзөктүк программасы менен келишүү дегенди туюндурбай тургандыгы баса белгиленди.

XS
SM
MD
LG