Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Түштүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугууга даяр


Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин. Сеул, 10--январь, 2018-жыл.
Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин. Сеул, 10--январь, 2018-жыл.

Эки корей өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусунан кийин расмий Сеул эми жогорку деңгээлде саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылды. Бирок бул Пхеньяндын өзөктүк программасы менен келишүү дегенди туюндурбай тургандыгы баса белгиленди.

Корей жарым аралындагы чыңалган кырдаалды жөнгөрүү аракеттеринин мындан аркы ыктымал багыттарына бир аз аныктык киргизген айрым билдирүүлөрдү Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин 10-январдагы атайын пресс-конференция учурунда жасады.

Ал кээ бир шарттар аткарылган учурда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугууга даярдыгын да айтып, буларга токтолду:

- Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышы - биз карманган негизги позиция, биз мындан эч убакта баш тартпайбыз. Биз кандай формадагы жолугушуу болбосун ага ачыкпыз, бирок жолугушуу жөн эле сүйлөшүү үчүн болбошу керек. Эгер биз саммит өткөрсөк, анын шарттары сакталуусу абзел. Ал эми санкцияларга байланыштуу Түштүк Корея дүйнөлүк коомчулуктун багытынан тайбайт. Бизде эл аралык санкцияларга кошумча киргизилген бир тараптуу санкцияларды жоюу планыбыз жок.

Түштүк Корея лидери корей аралык талкуунун кайра жанданышына АКШ президенти Дональд Трамптын салымы чоң экендигин да кошумчалады.

Эки корей өлкөсүнүн расмий өкүлдөрүнүн эки жылдан ашуун убакыт алгачкы жолугушуусунун жыйынтыгы оң бааланууда.

Эки корей өлкөсүнүн өкүлдөрү жолуккан учур. 9-январь, 2018-жыл.
Эки корей өлкөсүнүн өкүлдөрү жолуккан учур. 9-январь, 2018-жыл.

9-январдагы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Түндүк Корея спортчуларынын келерки айда Түштүк Кореяда башталуучу кышкы Олимпиадага катышуусун макулдашты.

Өз өлкөсүнүн делегациясын Олимпиадага жиберүү ниетин Ким Чен Ын жыл жаңырган кездеги кайрылуусунда билдирип, бул максатта эки тарап ыкчам жолугуша аларын да айткан.

Ким Чен Ын 1-январдагы кайрылуусунда Түштүк Кореяга карата сөздөрүн да жумшартып, Пхеньян менен Сеулдун байланыштарын жакшыртуу боюнча диалогго “жол ачыктыгын”, тараптар Корей жарым аралындагы “аскерий чыңалууну басаңдатуусу, бул үчүн Түндүк да, Түштүк да аракет көрүүсү керектигин” белгилеген.

Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуу жасоодо. Пхеньян, 1-январь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуу жасоодо. Пхеньян, 1-январь, 2018-жыл.

​Сеул эки тараптуу сүйлөшүүнү Пхеньяндын мына ушул ишарасынан кийин сунуш кылган болчу.

Түштүк Кореядагы Ёнсе университетинин профессору Жон Деллари корей аралык сүйлөшүүлөр качан маңыздуу болору тууралуу мындай дейт:

- Бул жердеги дипломатиялык чоң маселе - корей аралык конструктивдүү жараянды сиз ага Кошмо Штаттарды да катыштыруу үчүн кантип колдонуп, практикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларыңызда. Түндүк Корея өзөктүк курал маселесин Түштүк Корея менен талкуулоону көздөбөйт. Муну баары билет. Бул күн тартибине олуттуу мамиле жасалуусу керек болсо, ага АКШ да кошулуусу керек.

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн аптада эки тараптуу сүйлөшүүлөргө “ыңгайы келген учурда” алар да катыша аларын билдирип, Ким Чен Ындын Түштүк Корея менен сүйлөшүүгө ыктоо себептерин “санкциялар жана башка басымдар Түндүк Кореяга күчтүү таасирин тийгизе баштаганы” менен байланыштырган.

Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолу атуу учурунда 23 ракетасын сынады. Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду.

Буга жооп кылып БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларын акыркы ирет 22-декабрда катаалдаштырды.

Былтыркы жылы АКШ менен Евробиримдик да Пхеньянга каршы өз санкцияларын киргизген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG