Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

АКШ Иранды бардык саясий туткундарды бошотууга үндөдү


Өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан аялдар. 3-январь, 2018-жыл.
Өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан аялдар. 3-январь, 2018-жыл.

Вашингтон Ирандын бийлигинен массалык нааразылык акцияларында кармалгандарды бошотууну талап кылды.

Шаршембиде Трамптын администрациясы жарыялаган билдирүүдө Кошмо Штаттар миңдеген адамдардын кармалганы жана демонстранттардын кыйноого кабылып, өлтүрүлгөнү боюнча маалыматтарга тынчсызданып турганы айтылат.

Ошондой эле Трамптын администрациясы Иранда буга чейин түрмөдө жаткан бардык саясий туткундарды бошотууга үндөйт.

Иранда массалык нааразылык акцияларында канча киши кармалганы так белгисиз. Тегеран жүздөгөн адам кармалгынын, бирок алардын көбү бошотулганын билдирген. Башка маалыматтарда миңдеген киши кармалганы айтылууда. Эки жумадан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында 20дан ашуун киши каза болду.

Иранда 28-декабрда башталган массалык нааразылык иш-чаралар бир жума мурун солгундаганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG