Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Иран: митингдер жараткан талкуу


Берлинде Ирандагы нааразылык акцияларды колдогон демонстрация. 6-январь, 2018-жыл.
Берлинде Ирандагы нааразылык акцияларды колдогон демонстрация. 6-январь, 2018-жыл.

Иранда эки жума мурда башталган өкмөткө каршы митингдер басаңдаганы менен анын чуусу токтой элек.

Дүйшөмбүдө Ирандын сот тутумунун жетекчи орун басары Хамид Шахриари демонстрациялардын башында турган адамдарды жазалоо маселесин көтөрдү.

ISNA жаңылыктар агенттиги Шахриаринин "башаламандыкты уюштуруп, аны жетектегендер эң жогорку жазаны күтө беришсе болот" деген сөзүн жарыялады. Бул өлкөдө чыккынчылык, киши өлтүрүү жана баңгизат соодасы сыяктуу кылмыштар үчүн эң катаал жаза катары өлүм жазасы колдонулат.

Ирандын аймактарында декабрь айынын акырында башталып, өткөн жуманын соңунда басаңдаган митингдерде 22 киши мерт болуп, 1700дөйү камакка алынды.

Өлкө жетекчилиги митингдердин уюштуруучуларын ар башкача мүнөздөп жатышат. Мамлекеттик телеканалдар демонстрациялардын артында ислам республикасына каршы турган "Иран элинин жоочулары" уюмунун мүчөлөрү же бийликти кулатууну каалаган бозгундагы диссиденттер же монархисттер турушу мүмкүн деп кабарлашты.

Президент Хасан Роухани (ортодо) Экономика министрлигиндеги жыйында, Тегеран, 8-январь.
Президент Хасан Роухани (ортодо) Экономика министрлигиндеги жыйында, Тегеран, 8-январь.

Ирандын саясий системасындагы заманбап баалуулуктарга аз да болсо ыктаган президент Хасан Роухани демонстрацияларды өзүнүн эскичил атаандаштарына каршы турган оппозициячыл топтор уюштурушу мүмкүндүгүн 8-январда айтты. Ал митингчилер бир гана экономикалык эмес, саясий, социалдык талаптарды да койгонун белгилеп, акыркы сөз элге гана таандык экенин таанууга чакырды.

Ирандын жогорку руханий көсөмү Аятолла Али Хоменеи митингдер боюнча өлкөнүн душмандарын айыптаган. Мындай позицияны Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф да 8-январда Тегерандагы коопсуздук конференциясында кайталап, өкмөткө каршы нааразылыкты козутту деп АКШ, Израил жана Сауд Арабия сыяктуу чет мамлекеттердин атайын кызматтарын айыптады.

- Бир дагы өлкө коңшуларындагы абалды туруксуздаштыруу аркылуу өзүнүн коопсуздугун камсыздай албайт. Чырмалышкан заманбап дүйнөдөгү мындай идея - коркунучтуу иллюзия. Мындай аракеттин кесепети коңшуларына согуш жана кан төгүүнү каалагандарга да тиет, - Мухаммад Жавад Зариф​.

Иранда 1979-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн “Ислам ыңкылабынын сакчылар кошууну” митингдерди "азгырык" деп мүнөздөп, өкмөткө каршы чыккан демонстранттар “жеңилгенин” жекшембиде билдирген.

Тегеран университетиндеги өкмөткө каршы акция, 30-декабрь 2017-жыл.
Тегеран университетиндеги өкмөткө каршы акция, 30-декабрь 2017-жыл.

АКШ баштаган өлкөлөр Ирандын дооматтарын четке кагышкан. Бирок президент Дональд Трамп "коррупциялашкан өкмөткө" каршы чыккан ирандыктарды сыйлай турганын Твиттерге жазган. 5-январда БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги жыйында Американын элчиси Никки Хейли да митингге чыккан ирандыктарды колдогон:

- Ирандын эли өлкө боюнча 79 аймакта көтөрүлүп жатат. Бул - өкмөттүн кысымынан тажап бүтүп, митингдерде өз өмүрүн тобокелге салган эр жүрөк адамдардын күчтүү билдирүүсү. Дүйнө алардын эрдигине кол чабышы керек. Ирандыктардын үнү угулушу керек.

Коопсуздук кеңешинин өткөн аптадагы жыйынында Франциянын БУУдагы элчиси Франсуа Делатр Ирандагы митингдер глобалдык коопсуздукка коркунуч жаратпастыгын белгилеп, бул өлкөдөгү кризисти жеке максаттар үчүн колдонбоого чакырган.

7-январда Иран парламенти өлкөдөгү кырдаалды талкуулап, анда айрым депутаттар кармалган митингчилердин бир бөлүгүн, маселен студенттерди бошотууга чакырышкан. Ирандык депутат Тайебех Сиаваши камалган митингчилердин бири 22 жаштагы жигит абакта өз жанын кыйганын жарым-жартылай расмий саналган ILNA жаңылыктар агенттигине дүйшөмбүдө айтты.

Азык-түлүк бааларынын кымбатташы себеп болгон митингдер алгач 28-декабрда Мешхед шаарында башталып, андан соң нааразылык акциялары Ирандын ондогон ири жана чакан шаарларына жайылган. Демонстрацияларда "Диктаторго өлүм" деген сыяктуу саясий чакырыктар айтылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG