Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:12

“Кыргыз темир жолу” сатып алган ачык вагондордун алгачкы бөлүгү келди


”ЗИКСТО” компаниясы вагондорду Орусиядагы "Уралвагонсервис" ишканасынан сатып алып, Кыргызстанга жеткирет.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык типтеги вагондордун алгачкы бөлүгү - 20 вагон "Жалал-Абад" темир жол станциясына жеткирилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Эркин Каимов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, вагондор катар номерлерине ылайык ишкананын түштүк бөлүмүнө катталды. Чиркеме техника эми көмүр ташууга колдонула баштайт. Сатылып алынган дагы 120 ачык вагон бир-эки айда келип калат. Алар негизинен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Жалал-Абад, Ош, Кара-Суу жана Баткен филиалдарына өткөрүлүп берилет.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы былтыр жүк ташый турган 12-132 үлгүсүндөгү 150 вагон сатып алуу боюнча сынак жарыялаган. Тендерди жыйынтыгы менен Казакстандын ”ЗИКСТО” компаниясы жеңүүчү болуп табылган.

Ишкана бир вагондун баасы болжолдуу 2 миллион 900 миң сом тураарын билдирген. Жалпы тендердин баасы 435 миллион сомду түзгөн. Бул каражатты Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду насыя катары берген. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG