Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:16

Медиа: Трамп Иранга каршы санкцияларды жеңилдетүү эрежесин узартат


АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп 2015-жылы кабыл алынган өзөктүк келишимдин алкагындагы Иранга каршы санкцияларды жеңилдетүү эрежесин узартууга макул болду. "Рейтер", "Нью-Йорк Таймс" жана "Блумберг" сыяктуу басылмалар бул маселе менен тааныш расмий адамдарга шилтеме кылып, Ак үй президенттин чечимин 12-январда жарыялаганы турганын билдиришти.

Ошол эле учурда Трамп Тегерандын баллистикалык ракета чыгаруу программасына байланыштуу ирандык компанияларды бутага алган жаңы санкцияларды киргизери кабарланды.

"Нью-Йорк Таймс" жазгандай, президент Трамп Иран менен өзөктүк келишимди жакшыртыш үчүн АКШ Конгресси менен Европадагы өнөктөштөргө убакыт чектеши мүмкүн.

Трамп дүйнөлүк алты держава менен Иран 2015-жылдын жайында кол койгон келишимди сындап келатканы менен "АКШ андан чыгат" деп айта элек. Келишимге ылайык, расмий Тегеран өзөктүк программасын чектеп, Батыш жооп иретинде Иранга каршы киргизген санкцияларды жоймокчу болгон.

11-январда Брюсселде Евробиримдиктин жогорку өкүлдөрү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугушкан. Анда уюмдун тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини бардык тараптарды Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн эл аралык келишимден тайбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG