Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:19

Франциялык Lactalis компаниясы чыгарган балдар үчүн продукцияда сальмонелланын бактериясы табылгандан кийин кургак сүттүн 12 миллиондон ашуун кутусу 83 өлкөдө сатыктан алынды. Бактерия былтыр жыл этегинде Франциядагы заводдордун биринде аныкталган. Бир нече ата-эне балдары өздөрүн жаман сезгенден кийин компанияга каршы арыз беришти. Lactalis – дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири, сооданын көлөмү жылына 17 миллиард еврону түзөт.

Сальмонелла өзгөчө ымыркайлар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Компаниянын жетекчиси жабыркагандарга компенсация төлөнөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG