Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Доналд Трамп: Мен расист эмесмин


АКШнын президенти Доналд Трамп.
АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп жекшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзүнүн дарегине айтылган расизм боюнча дооматтарды четке какты.

"Жок, мен расист эмесин. Мен сиздер интервью алган эң эле расист эмес адаммын", - деп билдирди Трамп Флоридадагы жеке менчик гольф клубунда жүргөн учурда.

Трамп өткөн аптада Ак үйдө мыйзам чыгаруучулар менен жолукканда Гаити жана Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттарды "чыладан чыккандар" деп мүнөздөгөнүн басма сөз каражаттары жазып чыгышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын өкүлү Руперт Колвилл "Трамп айтты" деген сөздөр расизмге барабар экенин билдирген.

Жума күнү Африка өлкөлөрүнүн биримдиги АКШ президентинин айткандарын "кыжырды келтирерлик сөз" деп атап, анын кечирим сурашын талап кылган. Мындай талкуудан кийин Трамп иммиграция маселесин талкуулаган жыйында адепке жатпаган сөздөрдү айтпаганын ишарат кылган.

XS
SM
MD
LG