Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

"Freedom House": дүйнөдө демократия азаюуда


Мындай бүтүм "Freedom House" эл аралык уюмунун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында айтылды.

Анда “дүйнөдө демократияга сокку урулуп, арышын азайтууда. АКШ акыркы жылда демократиялык идеалдардын чемпиону катары салттуу ролунан баш тартып, ошол эле убакта Кытай менен Орусия өлкө ичиндеги репрессияларын күчөтүү менен өз таасирин четке жайылтууда”, деп белгиленген.

Баяндамада көргөзүлгөндөй, 2017-жыл дүйнөдө глобалдык эркиндик катары менен чектелген он экинчи жыл болду, бул жылы кеминде 71 өлкө “жарандык жана саясий эркиндик жагынан” артка кетти.

"Freedom House" белгилегендей, 2017-жыл ичиндеги эң башкы өзгөрүү - -“Кошмо Штаттардын демократиянын чемпиону жана үлгүсү катары аткарган ролунан чегиниши” болду.

АКШ өкмөтү өзү каржылаган бул уюмдун баамында, “Кошмо Штаттарда да акыркы жети жылда саясий эркиндик менен жарандык укуктар акырындык менен азайып” турду.

Бирок бул көрүнүштү “2017-жылы Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлгишкени далилденгени, президент Доналд Трамптын администрациясы негизги этикалык эрежелерди бузганы, өкмөттөгү айкындуулуктун азайышы" ого бетер күчөттү.

"Freedom House" уюмунун президенти Майкл Абрамовичтин айтымында, “демократия азыр ондогон жылдар ичиндеги эң олуттуу кризиске кабылып турат”. (UE)

XS
SM
MD
LG