Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Пермде мектепке кол салган өспүрүмдөр камакка алынды


Окуя болгон мектеп
Окуя болгон мектеп

Орусиянын Пермь шаарында мектепке кол салууга шектелген эки окуучу эки айга камакка алынды.

"Новая газета" басылмасынын маалыматына караганда, сот жараяны айыпталуучулар жаткырылган ооруканада өткөн.

Пермь шаарындагы №127 мектебине 15-январда эки өспүрүм бычак көтөрүп кирип барган. Алардын чабуулунан 15 адам жаракат алган. Мугалим жана эки окуучунун абалы оор делет.

Шектүүлөрдүн бири ушул эле мектептин мурдагы окуучусу, экинчиси азыр да ал жерде жогорку класста окуп жаткан.

XS
SM
MD
LG