Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:37

Сузакта куралдуу кол салууга байланыштуу шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунда тапанча менен карактоого байланыштуу төрт шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя 13-январь күнү болгон. Гүлистан айылындагы 47 жаштагы аялдын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, тапанча, бычак менен коркутушкан. Беткап тагынып алган кылмышкерлер үй ээсинин буту-колун жип менен байлап, акча жана алтын буюмдарын алып кетишкен. Аял үйдө келини, жаш баласы менен кошо болгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттери менен кылмышка шектүү 41 жаштагы А.Ш., 24 жаштагы С.М., 26 жаштагы А.С. жана 19 жаштагы Р.О. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары колго түшкөн. Сурак учурунда алар кылмышты мойнуна алышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча «Каракчылык» беренеси (КЖКнын 168-беренеси) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG