Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүрүү иштери жүрүп жатат


Бишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүү. 17-январь, 2018-жыл (ӨКМдин сүрөтү).
Бишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүү. 17-январь, 2018-жыл (ӨКМдин сүрөтү).

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү иши ушул саттарда магистралдын 231-чакырымында жүрүүдө. Карды көчүрүү 17-январда Бишкек-Ош жолунун 247, 249, 255-чакырымдарында жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 17 000 кубметр кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Жол коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында көчкүлөрдү атып түшүрүү 22-январга чейин жүргүзүлөт.

Кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймакта жол убактылуу гана жабылууда.

Аткылоо иштерин Башкы штаб жүргүзүүдө. Жолду түшкөн кардан тазалоо милдети Транспорт жана жол министрлигине жүктөлгөн. Ал эми ИИМ кар көчкүнү аткылоо учурунда жолдогу автоунаалардын кыймылына көзөмөл кылууда. Иш-чара жүрүп жаткан учурда "Тез жардам" кызматы нөөмөттө турат. Кар көчкүнү атып түшүрүү иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам кызматы тарабынан уюштурулууда.

Былтыр 28-мартта Бишкек-Ош каттамынын 255-чакырымында №23 жол оңдоо ишканасынын төрт кызматкери - Анарбек Момуналиев, Нурбек Орунбеков, Султангазы Жапаркулов жана Курсант Акчабай уулу түшкөн "Тойота Пикап" машинеси кар көчкү алдында калып, набыт болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG