Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Бурятияда мектепке кол салуудан окуучулар жана мугалим жараат алды


№5 мектепке кирип бараткан өрт өчүрүүчү. Күбөлөр тарткан сүрөт
№5 мектепке кирип бараткан өрт өчүрүүчү. Күбөлөр тарткан сүрөт

Бурятиянын борбору Улан-Удэде 9-класстын окуучусу мектептегилерге кол салып, андан беш окуучу жана мугалим жараат алышты. Саламаттык сактоо министрлиги алардын үчөө оор абалда экенин тактады.

Шектүү өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ал дагы азыр ооруканада көрсөтмө берүүдө.

Окуя 19-январда эртең менен шаардагы №5 мектепте болгон. Өспүрүм балта, күйүүчү май куюлган бөтөлкө менен окуучуларга жана мугалимге асылып, классты өрттөп жиберген.

Республиканын өкмөтү шектүүлөр үчөө экенин, калган экөө изделип жатканын билдирүүдө. Кылмышка эмне түрткү бергени азырынча белгисиз.

Ушуну менен бир жума ичинде Орусияда мектепте, окуучу аралашкан үч кылмыш катталды. 15-январда Пермь шаарында эки өспүрүм класска кирип барып, мугалимди баш кылып окуучуларды бычактаган. 17-январда болсо Челябинск облусунда тогузунчу класстын дагы бир окуучусу классташына бычак урган.

Күч түзүмдөрү учурда бул окуялардын байланышы бар-жогун да иликтеп жатканын "Интерфакс" агенттиги аноним булагына таянып билдирди.

XS
SM
MD
LG