Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

Кыргызстанда эки күндө он бир өрт катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн эки сутка ичинде Кыргызстанда он бир өрт кырсыгы болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында бирден өрт катталды.

Чүй облусунун Камышановка айылында өрттөнүп кеткен үйдөн анын ээсинин сөөгү табылды.

Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында бала бакчанын экинчи кабатынан өрт чыккан. Азыр тилсиз жоонун себептери такталууда.

XS
SM
MD
LG