Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Активисттер Ыманалы Саркуловго каршы прокуратурага кайрылышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркуловдун үстүнөн “Safari” кыймылы Башкы прокуратурага арыз жазат. Бул тууралуу кыймылдын мүчөсү Орозбек Бейшеналиев коомчулукка видеокайрылуу таратты. Анда инспекторлордун мыйзамсыз иштерин тасмага тартууга тыюу салуу жөнүндө Саркуловдун сөздөрү Баш мыйзамга каршы келери айтылат.

- Ыманалы Саркулов кайсы берененин негизинде аларды тартууга болбой тургандыгын так көрсөтө алган жок. Баш мыйзам боюнча ар бир жаран маалыматты эркин таратууга укуктуу. Биз Саркуловдун үстүнөн Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү органдарга кайрылабыз, - деди Бейшеналиев.

Буга чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы анын кызматкерлери тууралуу тартылган видеолорду уруксатсыз Интернетке жайгаштыргандарды сотко берерин билдирген. Башкармалыктын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов "инспектор тууралуу уруксатсыз тартылган тасманы коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат" деп айткан.

Былтыр декабрда Сапар Исаков "Safari" кыймылынын активисттеринин тасмасын сынга алган. Анда активисттер жол коопсуздук кызматкери менен жол эрежеси туурасында талашып жатканы көрсөтүлгөн эле. Ошондон кийин мындай тасмаларды тартууга тыюу салынганы тууралуу маалымат тараган. Өкмөт мындай маалыматты четке каккан.

Тартип сакчыларынын жосунсуз жоруктары тууралуу тасмаларды бир топ активисттер Интернетке жүктөп, коомчулукка көрсөтүп келишет. Мындай ашкерелөө бир катар кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууга негиз болгон. Активисттер коомдук жайда мамлекет кызматкерин тартууга акысы бар деп эсептешет. (UEz)

XS
SM
MD
LG