Казакстандын баш калаасы Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандар 30га чамалаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ызгаардан улам Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында бала-бакча, мектептер жабылды.
Коллеждердин биринчи, экинчи курсунда окугандар да сабакка барбай турган болду.
Өткөн түнү бул аймактарда аба ырайы -38 градуска түштү. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетерин билдирди.
Өкмөт башчы Бахытжан Сагинтаев жетекчилерге аяздан коргонуу иштерин күчөтүүнү, кан жолдордун боюна жолоочулар үчүн жылынып, ысык тамак иче турган убактылуу жайларды уюштурууну тапшырды.