Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Ганновер аэропортунда күрттөр менен түрктөр мушташты


Сириянын Африн аймагындагы аба чабуулдарын Анкара 20-январда баштаган.
Сириянын Африн аймагындагы аба чабуулдарын Анкара 20-январда баштаган.

Германиянын Ганновер шаардык аэропортунда күрттөр менен түрктөр ортосунда калайман мушташ болду. Дүйшөмбүнүн кечинде күрт активисттери аэропортто Түркиянын Сириянын күрттөр байырлаган аймагында жүргүзүп жаткан "Зайтун бутагы" аскерий операциясына каршы акция өткөрүшкөн.

Алар менен Стамбулга учуп жаткан түрк улутундагылар мушташа кеткен. Кагылышуудан улам Стамбулга уча турган учак жарым саатка кармалды.

Урушка жалпысынан 180дей адам катышканын Ганновердеги "Күрт аялдарынын демократиялык коомдук борбору" уюмунун өкүлү кабарлады. Күрттөр Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын дарегине ыпылас сөздөрдү кыйкырып жатышты.

Жаатташкандар полициянын кийлигишүүсүнөн кийин гана таркашты. Эки адам жеңил жаракат алганы маалым болду. Түркиянын аскерий операциясына каршы күрттөрдүн акциялары Ганновер шаарынын бир нече бөлүгүндө, анын ичинде темир жол бекетинде да өттү.

Сириянын түндүк-батышындагы күрттөрдүн карамагындагы Африн аймагында Түркия баштаган аскерий операция Түркиянын өзүндөгү, Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы күрт диаспораларынын нааразылыгын жаратты.

XS
SM
MD
LG