Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Окуучуга мугалим кол көтөргөн видео Сочиде тартылганы айтылды


Сүрөт Интернетте тараган видеодон алынды.
Сүрөт Интернетте тараган видеодон алынды.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, окуучу кызды урушуп, бетке чапкан мугалим тууралуу видеонун чоо-жайы териштирилип жатат.

Кызматтык иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгы тасма Кыргызстанда эмес, Сочиде тартылганын көрсөттү.

23-январда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө чөнтөк телефонго тартылган кыска видео тарап, катуу талкууга түшкөн. Анда арткы партада отурган окуучу кыз мугалим менен айтышып жатканын, ачууланган окутуучу аны бетке чаап, орой сөз менен урушканын көрүүгө болот.

Видео "Бишкектеги №11 мектепте тартылган" деген маалымат да тараган. Шаардык билим берүү башкармалыгы муну четке кагып, бул мектепте тасмадагыдай мугалим жок экенин кабарлады. (NT)

XS
SM
MD
LG