Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Орусия: жекшембидеги акцияда 350дөн ашуун киши кармалды


Санкт-Петербургда жүрүшкө чыккандар, 28-январь 2018-жыл.
Санкт-Петербургда жүрүшкө чыккандар, 28-январь 2018-жыл.

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарындагы президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акцияларында кеминде 350 киши кармалды. Бул тууралуу акцияга байкоо салган "ОВД-Инфо" көз карандысыз медиа-долбоору кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Уфа шаарында 66, Волгоградда 65, Чебоксарыда 51, Москвада 16 киши кармалган.

Мындай камоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган. Бирок жекшембинин кечинде кармалгандарды көбү кайра бошотулганы белгилүү болду.

"Шайлоочулардын көтөрүлүшү" аттуу бул саясий жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл активист Алексей Навальныйды да Москвада полиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин кайра бошотту.

Декабрь айында Орусиянын Боршайкому мурда соттолгон деген жүйө менен Навальныйга шайлоого катышууга уруксат берген эмес. Орусиядагы 18-мартка белгиленген шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” деп мүнөздөгөн Навальный орусиялыктарды добуш бербөөгө үндөгөн.

Навальныйдын жекшембидеги жүрүштөрүнүн алдында орус полициясы коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG