Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Рахмон тажиктерди сарамжалдуулукка үндөдү


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сада майрамына байланыштуу 29-январдагы телекайрылуусунда жарандарды сарамжалдуулукка чакырды. 

"Калктын саны өсүп, азык-түлүктүн баасы жогорулап жатканын эске алганда үнөмдүүлүк жана сарамжалдуулук ар бир адамга жана ар бир үй-бүлөгө мүнөздүү сапатка айланды",-деди Рахмон. 

Тажик лидери элди той-аштардагы ашыкча чыгымга тыюу салган "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткарууга үндөдү.

Тажикстанда Сада майрамы Ноорузга 50 күн калганда - 30-январда белгиленет. Нооруздун жана жаздын жарчысы катары белгиленген бул майрам 2017-жылы Тажикстандын улуттук майрамдарынын тизмесине киргизилген. 

 

XS
SM
MD
LG