Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Ош базардагы өрттөн эки киши ууланды


Ош базары. 30-январь, 2018-жыл.
Ош базары. 30-январь, 2018-жыл.

Бишкектин Ош базарында чыккан өрттөн эки киши ууланды. Бул тууралуу шаардык "Тез жардам" кызматынын дарыгери Егор Борисов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, уулангандарга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары жеңил.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт үч сааттан кийин чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 3,5 миң чарчы метрге жакын аянтка жайылганы айтылды.

Өрт бүгүн саат 09:30дар чамасында Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, Ош базарындагы "Сейтек" дүкөндөр комплексинде чыккан. Аны өчүрүүгө беш, кийинчерээк дагы он топ тартылган.

Жалпысынан ондогон соодагердин павильону өрттөнүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда.

XS
SM
MD
LG