Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:25

Тбилисинин метросунда 14 киши жарадар болду


Тбилиси метросунун жаңы станциясы, 16.10.2017

Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилиси шаарындагы метро станциянын төбөсү түшүп кетип, андан 14 киши жабыркаганын билдирди.

Окуя метрополитендин “Варкетили” деген станциясында 30-январда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бышыктады.

Жарадар болгондордун арасында полиция кызматкери бар. Алардын баары ооруканага жеткирилди.

Полиция менен куткаруучулар метрополитенде калган адамдарды чыгарышты.

Тбилисинин шаардык транспорт полициясы окуя боюнча иликтөө баштады.

Шаар башчы Каха Каладзе окуя болгон жерге барып, станцияда былтыр эле ондоп-түзөө иштери болгонун журналисттерге билдирди. Мэр тиешеүү адамдардын жоопкерчилиги караларын кошчумчалады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG