Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Тбилисини экс-футболчу Каладзе башкарат


21-октябрда өткөн шайлоодо "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, экс-футболчу Каха Каладзе жеңди.
21-октябрда өткөн шайлоодо "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, экс-футболчу Каха Каладзе жеңди.

21-октябрда Грузияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өттү. Жекшембиде жарыяланган алдын ала жыйынтыктарга ылайык, добуш берүүнүн биринчи айлампасында бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы көп жерлерде алдыга чыкты. Ал эми баш калаа Тбилисинин шаар башчылыгын бул партиянын мүчөсү, мурдагы футболист Каха Каладзе жеңди.

21-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Тбилисинин мэрлигине бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, мурдагы футболист Каха Калазде келди. Бул тууралуу жекшембиде Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тамар Жвания ​Каха Каладзе добуштардын 51,6%, ал эми оппозициячыл талапкер Александр Элисашвили 17,46% топтогонун жарыялады.

Каладзе бир кезде италиялык "Милан" клубунун коргоочусу болгон, кийин Грузиянын Энергетика министрлигин жетектеген. Байкоочулар 39 жаштагы Каладзени мурдагы премьер-министр жана "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү, "көмүскөдөгү төрө" аталган Бидзина Иванишвили колдоп келгенин айтышат.

Каладзе расмий жыйынтыктар жарыяланган соң өз тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди:

- Биринчи кезекте Тбилисинин ар бир тургунуна ыраазычылыгымды билдирем. Бизди колдогон жарандарга рахмат. Эң негизгиси баш калаанын тургундары бизге ишене берсе болот

Каладзе өз программасында туризмди өнүктүрүү, бюрократияны кыскартуу жана жаңы транспорт системасын куруу менен Тбилисинин экономикасын көтөрүүнү убада кылган.

Каха Каладзе жубайы менен.
Каха Каладзе жубайы менен.

​Тбилисинин мэрлиги үчүн Каладзеден башка дагы 13 талапкер ат салышты. Алардын арасынан оппозициянын өкүлү Александр Элисашвили экинчи орунду алса, "Рустави-2" көз карандысыз телеканалынын белгилүү алып баруучусу, "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын талапкери Заал Удумашвили Каладзенин башкы атаандашы деп саналганы менен үчүнчү орунда болуп калды. Экөө тең бийлик жыйынтыкты бурмалоо менен өз талапкерин алдыга өткөрөт деп күмөн санап келишкен.

Оппозиция да "Грузин кыялы" партиясын жер-жерлердеги добуш берүүлөрдө административдик ресурсту колдонуп, коркутуп-үркүтүп шайлоочулардын тандоосунда таасир эткенин айыпташты.

Боршайкомдун төрайымы Тамара Жвания бул жолу да административдик ресурска байланыштуу арыздар көп түшкөнүн белгилеп, бирок мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу жалпы саны аз болгонун белгиледи.

Тбилисинин тургуну Дарежан Кордазия добуш берген талапкер өтпөй калганына ичи ачышса дагы келечектен үмүт үзбө​йт:

- Мен көп жолу шайлоого катыштым. Ар бир жолкусунда адилет жана жакшы келечекке үмүт кылып добуш берем. Бирок эмнегедир ал келечек көрүнбөйт. Балким мен үчүн кеч болсо да, менин балдарымдын, неберелеримдин келечеги жаркын болоруна ишенем.

Ошондой эле "Грузин кыялы" партиясынын талапкерлери баш калаадан тышкары Батуми, Поти жана Рустави шаарларында добуштардын элүү пайыздан көп топтоп алдыга чыгышты. Кутаиси шаарында бийликтин талапкери 48 пайыз добуш алып калгандыктан шайлоонун экинчи айлампасы өтмөй болду. Эксперттердин пикиринде, бул жолку добуш берүүнү "Грузин кыялы" үчүн эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы сынак катары кабыл алса болот.

Грузиядагы добуш берүү.
Грузиядагы добуш берүү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого 1,6 миллион жаран катышты. Бул жалпы добуш берүүгө укуктуулардын 45,64% түзөт. Алар 58 айыл жана район башчыларын, беш шаардын мэрлерин жана 64 жергиликтүү кеңештин 2058 мүчөсүн шайлашты. БШК кабарлагандай, бул жолку добуш берүүгө 20 641 жергиликтүү жана 581 эл аралык байкоочулар көз салып турушту.

"Грузин кыялы" партиясы 2012-жылкы парламенттик шайлоодо президент Михаил Саакашвилинин партиясын жеңип, бийликке келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG