Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Грузин премьери күтүүсүз кызматтан кетти


Грузиянын мурдагы премьер-министри Ираклий Гарибашвили.
Грузиянын мурдагы премьер-министри Ираклий Гарибашвили.

Кызматынан кеткен Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилинин ордуна тышкы иштер министри Георгий Квирикашвилинин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Мындай чечимди парламенттеги башкаруучу коалиция кабыл алганын анын жетекчиси Звиад Квачантирадзе билдирди. Шаршембиде Грузиянын мурдагы премьер-министри Ираклий Гарибашвили күтүүсүздөн кызматтан кетип жатканын жарыялаган.

Ал атайын кайрылуусунда мындай күтүүсүз чечиминин себебин түшүндүрүүдөн баш тартып, өз өлкөсүнө кызматын уланта берерин кошумчалады.

Грузин өкмөтүнүн башына 2013-жылдын ноябрында келген Ираклий Гарибашвилинин башкаруусунда өлкөдө тынчтык жана туруктуулук орногонун белгиледи.

- Мен үчүн ички иштер министри же премьер-министр болуу, дегеле өкмөттө иштөө атайын көздөгөн максатым эмес болчу. Эң негизгиси өз эмгегим аркылуу элиме, жериме кызмат көрсөтүү эле,- деп айтты Гарибашвили кызматынан кетип жатып.

Өкмөт башчы эки жыл аралыгында Грузияда бир топ тарыхый жетишкендер болгонун, эң башкысы Евробиримдик менен ассоциация боюнча макулдашууга кол коюлганын кошумчалады. Бир апта илгерээк Евробиримдик грузин бийликтери жарандарынын Европага визасыз каттоосун ишке ашыруу үчүн зарыл шарттардын баарын аткарганын билдирген.

Еврокомиссиянын визасыз каттамдар боюнча чечими Тбилисиде шаңдуу белгиленди.
Еврокомиссиянын визасыз каттамдар боюнча чечими Тбилисиде шаңдуу белгиленди.

Еврокомиссия 2016-жылдан тарта Грузияны Евробиримдиктин аймагына үч айлык мөөнөткө визасыз кирип чыккан өлкөлөрдүн катарына киргизүүнү Европарламентке сунуштайт. Эгер Брюсселде бардыгы шар өтсө, кийинки жылдын орто ченинде грузиялыктар кыска мөөнөткө Евробиримдиктин аймагына визасыз кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Грузин оппозициясы Гарибашвилинин күтүүсүз жерден кызматтан кетишин 2016-жылдын октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоого жана бийликтеги парламенттик коалициянын рейтингинин түшүп кеткенине байланыштырууда.

“Грузин кыялы” коалициясынын мүчөлөрү калк арасындагы кадырынын түшүп бара жатканын байкашты. Ал эми шайлоонун үгүт иштерин Гарибашвили менен баштоо бир аз туура эмес болуп калмак” - дейт оппозициялык саясатчы Мамуку Кацитадзе.

33 жаштагы Гарибашвили премьер-министрликке келгенге чейин бир жылдай Грузиянын ички иштер министри болуп иштеген. Ал бул кызматка келгенде миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвилинин ордун алмаштырган.

Гарибашвили саясатка келгенге чейин Иванишвилинин компанияларында иштеп жүргөн. Тактап айтканда Иванишвилиге караштуу “Карта” кайрымдуулук фондун жетектеп, “Карта” банкынын байкоочулар кеңешинин мүчөсү болгон.

Оппозициядагы “Бирдиктүү улуттук кыймылдын” өкүлдөрү Гарибашвили грузин саясатында өз алдынча эмес, Иванишвилинин буйруктарын аткарып жүргөн фигура деп сыпатташат.

Ал эми өкмөт башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Георгий Квирикашвилини ушул жылдын сентябрь айынан бери Грузиянын Тышкы иштер министрлигин жетектейт. Ага чейин үч жыл экономика жана туруктуу өнүгүү министринин кызматын аркалаган.

Жаңы талапкер эми жети күндүн ичинде парламентке өз программасын жана кабинет мүчөлөрүн сунуштап, депуттардын көпчүлүк добушуна ээ болушу кажет.

Өкмөт башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Квирикашвили үй айдан бери Грузиянын Тышкы иштер министрлигин жетектеп келет.
Өкмөт башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Квирикашвили үй айдан бери Грузиянын Тышкы иштер министрлигин жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG