Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Жакупова менен Айыптын мүлкү боюнча жараян 14-февралда болот


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын жана журналист Нарын Айыптын камакка алынган мүлкүнө байланыштуу ишти кароону 14-февралга калтырды. Нарын Айып "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүнкү жараянда судьялар шаардык сотто апелляциялык арыз каралганга чейин ишти токтото туруу боюнча айыпталуучулардын өтүнүчүн канааттандырды:

- Бүгүн Чолпон Жакуповага жана мага байланышкан иштер боюнча эки сот болду. Эки сот тең 14-февралга калды. Анткени биз мурунку чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенбиз. Шаардык сот аны кароону кечээ 7-февралга белгиледи. "Ошол апелляциялык арыз каралганга чейин муну токтото туралы" деген өтүнүчүбүзгө соттор макул болушту.

Бүгүн райондук сотто Чолпон Жакупованын коттежин жана Нарын Айыптын батирин сатыкка коюу тууралуу иштер белгиленген. Эки ишти эки башка судья териштирип жатат.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгаруу, анын эсебинен айыппулду өндүрүү талабы менен сотко кайрылган. Анын алдында соттун чечими менен соз болуп жаткан имараттар камакка алынган.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон.

Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалаган.

Кыргызстан журналисттеринин эркин биримдиги, 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG