Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жол кырсыктарынын курмандыктарын, жаракат алгандардын санын азайтыш үчүн бийликти учак жана темир жол билеттерин арзандатууга чакырышууда. Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамиля Бегиева аба жана темир жол каттамдарынын жол киреси кымбат болгондуктан, мигранттар тобокелге салып, автоунаа менен жолго чыгып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Поезддер бош эле келип жатат. Жол киреси авиабилеттей эле кымбат. Кыргыздар аргасы түгөндө «Кудай сактасын» деп жолго чыга берет эмеспи. Канча деген жол кырсыктары болуп жатат. Ошондуктан өкмөттүн башындагылар авиакомпаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүп, жол кире маселесин чечиши керек.
Учурда Бишкек менен Оштон Москвага жеңил машине менен барыш үчүн жол кире 3-5 миң рубл, авиабилет баасы андан эки-үч эсе кымбат. Ал эми поезд Бишкектен Орусиянын үч гана шаарына каттайт, билеттердин баасы учактардыкы менен барабар.
Билеттер кымбат болгондуктан, мигранттар автоунаа менен жолго чыгууга мажбур. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, 2017-жылы Орусиянын Борбордук федералдык аймагынан 197 кыргызстандык мигранттын сөөгү келсе, анын 60тан ашууну жол кырсыктарында каза болгону аныкталган.
18-январда Казакстандын Актөбө облусунда Орусияга бараткан 52 өзбекстандык түшкөн автобус өрттөнүп кеткенден кийин Өзбекстандын бийлиги Ташкент-Москва, Ташкент-Уфа темир жол каттамдарын ачкан. Расмий Ташкент авиа жана темир жол билеттерин да арзандатканы кабарланды.