Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Камактагы үч саясатчы ачкачылыкка байланыштуу №47 абакка которулду


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Дастан Сарыгуловдун соту болгон жок. Асанов, Карыбеков жана Кадыров ачкачылык кармагандыктан, ден соолугун көзөмөлдөш үчүн УКМКнын тергөө абагынан башкалаадагы №47 абакка которулду. Бул тууралуу камактагылардын адвокаты Нина Зотова "Азаттык" радиосуна билдирди. №47 абакта соттолгондордун ден соолугуна кам көргөн​ борборлоштурулган оорукана бар.

24-январда Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев актоочу тарап сунуш кылган күбөлөрдү суроо жана УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди териштирүүгө чакыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырган эмес. Ошондой эле Асанов менен Кадыровдун үстүнөн арыз жазган адамды чакырып, суракка алуу тууралуу өтүнүчтү да четке каккан.

Соттун мындай аракеттерине жана жакындары менен жолугушууга уруксат берилбегенине нааразылык иретинде Бектур Асанов 30-январдан тартып “кургак ачкачылык” жарыялаган. Бүгүн ачкачылыкка Карыбеков менен Кадыров да кошулары айтылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратууга, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG