Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Кыргызстанда кылмыштуу топтон 19 килограммдай спайс табылды


Бишкектеги спайстын жарнамасы. Сүрөт 2015-жылы тартылган.
Бишкектеги спайстын жарнамасы. Сүрөт 2015-жылы тартылган.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 30-январда Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында мыйзамсыз синтетикалык баңгизаттарды даярдоо, ташуу, таратуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топту кармады. Анын мүчөлөрүнөн 18 килограмм 925 грамм спайс табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстандын жана коңшулаш Казакстандын аймагында баңгизаттарды таратып жүрүшкөн. Алардан алынган спайс көмүскө базарда болжол менен 19 миллион сомго сатылмак.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарды же аң-сезимге таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") менен кылмыш иши козголду. ИИМ спайс тараткан кылмыштуу топтун канча өкүлү кармалганын маалымдаган жок. Мекеме өкүлү топтун башка мүчөлөрүн да аныктап, кармоо аракети уланып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын парламенти 2015-жылы спайсты коркунучтуу баңгизаттардын тизмесине кошуп, ага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Түрдүү заттардын аралашмасы кошулган спайс жөнүндөгү жарыялар өлкөдө акыркы жылдары кескин көбөйүп кеткен.

Милиция 21-январга караган түнү Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты адамды "баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып жүргөн" деген шек менен камакка алган. Укук сакчылары түнкү клубдун "алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган баңгизат алынды" деп билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG